Жаштар сайтына каалоо-тилек

Кымбаттуу окуучулар, студенттер!

Кара-Көл шаарынын жаштар кеңешинин «Биз биргебиз» социалдык долбоорун ишке ашыруу боюнча алгачкы кадам ташталды. Долбоордо , жаштар арасында орун алган төмөндөгү көйгөйлөрдү талкуулап чечүү үчүн окуучулар арасында популярдуу болгон сайт ачуу сунушталган.

Жаштар арасындагы көйгөйлөр:

  •  Социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жаштардын (окуучулардын,студенттердин)пассивдүүлүгү;
  • Окуучулардын мугалимдерди сыйлабастыгы;
  • Чоң класстын окуучуларынын жана кичинекей класстагыларга үстөмдүгү; Мугалимдер окуучулардын көйгөйлөрүн түшүнө албастыгы;
  • Окуучулардын сабакка болгон кызыгуусунун төмөндүгү ж.б

 

2021-жылдын февраль айынан Кара-Көл жаштарына интернет сайты ачылды. Сайттын ишин жүргүзүү боюнча төмөнкүлөрдү жасоо керек:

  • Жогорку класстын окуучуларынан жана студенттерден активдүү волонтерлорду (ыктыярчыларды) чогултуу;
  • “Биз биргебиз” долбоорунун мазмуну менен таанышуу ;
  • Сайтты түзүүдө материалдарды, иллюстрацияларды даядоону мектеп администрациясы эмес окуучулардын өзүлөрү түзүшү;
  • Маалыматтарды жыйнап сайтка жайгаштыруу;
  • Окуучулардын жетишүүсү боюнча аналитикалык маалымат чогултуу жана анын негизинде мугалимдердин жана окуучулардын рейтингин чыгаруу;
  • Сайтка окуу жайдагы маалыматты чыгаруучу редакторду шайлоо;
  • Спорттук секцияларга,чыгармачылык кружокторго кызыгуусун арттыруу үчүн рекламалык компания түзүү.

Сайттын ишин активдүү мазмундуу жүргүзүү үчүн ар бир мектепке, окуу жайга өзүнчө баракча берилет. Баракчаңарга жаштар кызыгып окуй тургандай маалыматтарды жайгаштырып окурмандарды көбөйткүлө. Сайттын ишинин ийгиликтүү жүрүшү сиздер менен түз байланышта. Эмдиги кезек сиздерде урматтуу жаштар.

Чамдагыла көйгөйлөрдү бирге чечели!

Кароолор (574)