3 миллион сомдук байгенинин эсебинен музыкалык аппараттар белекке берилди

16-июнь күнү, Кара- Көл шаардык мэриясы тарабынан Кара- Көл шаардык билим берүү бөлүмүнө “ Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар “ долбоорууна активдүү катышкандыктары үчүн бардык мектептерге 3 миллион сомдук байгенинин эсебинен (ЮНИСЕФ тарабынан берилген байге ) музыкалык аппараттар белекке берилди. Алсак: №1 Токтогул атындагы мектеп- гимназияга, №2 Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык мектебине, №3 Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебине, №4 Д.Шопоков атындагы жалпы билим берүү мектебине, №5 Хуриев атындагы жалпы билим берүү мектебине, №6 Туралы Темиров атындагы жалпы билим берүү мектебине ошондой эле БЧҮ менен БӨСМне, Жайкы лагерге, Жаштар кеңеши менен шаардык китепканага жалпысынан 9 даана музыкалык аппаратура тапшырылды . Бүгүнкү иш- чарага шаардык кеңештин төрагасы Э.Р. Аширалиев жана шаарыбыздын вице- мэри Г.О. Сатарова катышты. Кара- Көл шаарынын вице- мэри Гүлмира Окушовна белектерди тапшыруу аземинде шаарыбыздагы ар түрдүү багыттагы иш- чараларга билим берүү тармагынын кошкон салымы жаштар менен иш алып баруусуна чоң көмөк көрсөткөндүгүн баса белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын 28- апрелинде Республикада «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу болгондугун эскертип өттү. Ал өз сөзүндө, атайын түзүлгөн комиссия шаарларды баалоо үчүн деталдуу баалоо ыкмасын иштеп чыккандыгын жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте кыйла сапаттуу маалыматтарды топтоо боюнча изилдөө жүргүзүшүп, бардык чогултулган далилдерди, баяндамаларды жана ар кайсыл муниципалитеттер берген документтерди пайдаланып, кылдаттык менен чечимин кабыл алган- дейт Г.Окушовна. Биздин шаар «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» .байгесине ээ болууда сиздердин мекемелердеги жаштардын зор салымы менен ийгиликке жетиштик деп ыраазычылык билдирди.Эскерте кетсек: «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» конкурсу ЮНИСЕФ тарабынан демилгеленип, Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен эки жылда бир өткөрүлөт. «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» улуттук сынагына Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Нарын, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Исфана болуп жалпысынан 18 шаар катышкан.Сынактын жыйынтыгы боюнча:— Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары биринчи орунду ээлеп, 3 миллион сомдук байгени жеңип алган;— Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары экинчи орунду алып, 2 миллион сом байгеге ээ болгон;— Баткен облусунун Баткен шаары үчүнчү орунду ээлеп, 1 миллион сомдук байгени камсыз кылган.Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров БУУнун от Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонния Ожиело жана ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм катышкан.

Кароолор (617)