"Жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу" долбоору
"Жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу" долбоорун ишке ашырып жаткан HELVETAS Swiss Intercooperation Kyrgyzstan ,Өнүктүрүү саясат институту жана мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттиги КРдагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбалары порталында онлайн добуш берүү менен аныкталып, 2-жарым жылдыкта жеңүүчү болгон муниципалитеттерди сыйлоо аземин 17-декабрь күнү Бишкек шаарында өткөрдү. Кара-Көл шаарынын мэриясынын " Мэрия жаштар кеңеши менен биргеликте жаштар үчүн шарттарды түзүп бере алат" мыкты тажрыйбасы 5 мыкты тажрыйбанын ичинде байгелүү 2-орунга ээ болуп 120.0 миң сомго сертификат жана Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттигинин ардак грамотасы менен сыйланды. Мыкты тажрыйбаны вице-мэр Сатарова Гульмира Окушовна презентация жасады.
Кароолор (598)