Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата спорттук оюндар өттү

Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 29-30-31-август күндөрү волейбол, шахмат, стол үстүндө теннис, аркан тартыш, улуттук күрөш боюнча спорттук оюндарды өткөрдү. Жалпы байге фонду 50 000 (элүү миң) сомду түздү.Спорттук оюндарга катышып, жеңген командаларга жана оюнчуларга ошондой эле мыкты ойногон оюнчуларга бөлүм тарабынан даярдалган дипломдор, акчалай сыйлыктар майрам күнү шаардык салтанаттуу иш-чарада тапшырылды.

Кароолор (352)