Кара-Көл шаарынын кутучасына дагы медалдар

Кара-Көл шаарынын кутучасына дагы медалдар. 2021-жылдын 22-декабрынан 26-декабрына чейин Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп, машыктыруучу Бакыт Култаевдин жетекчилиги менен шаардын жаш спортчулары катышып жемиштүү кайтышты. Спортчулардын ичинен 38 кг салмакта Эргешов Умар жана 57 кг салмакта Шамшиев Ариет 1-орунду ээлеп дипломдор жана медалдар менен сыйланышкан. Келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш спортчуларыбызга жана машыктыруучу Б.Култаевге дагы көп ийгиликтерди каалайбыз.

Кароолор (530)